Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Казакстанда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты.

Турнир бул күндөрү Астанада өтүп жатат. Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан старт алды.

Турнирдеги биринчи беттеште кыргызстандык индиялык спортчу менен беттешип, аны 53 секундда 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.