Жоламан Шаршенбеков: «Буга чейин эки жолу Дүйнө чемпиондугунда жеңилүү ызасын тартып калгам»

«Буга чейин эки жолу Дүйнө чемпиондугунда жеңилүү ызасын тартып калгам». Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда «Манас» аэропортунда уюштурулган маалымат жыйынында Дүйнө чемпиону болгон Жоламан Шаршенбеков билдирди.

«Финалдык беттеш эсте каларлык болду. Буга чейин Дүйнө чемпиондугунда эки жолу финалга чыгып жеңилүү ызасын тартып калгам. Кыргыз эли ишеним тартып турганда утулуп калуу кандай экенин жакшы билем. Бул жолу жеңишке жетүү болгон күч-аракетимди жумшадым», — деди балбан.