Жоламан Шаршенбеков: «Буга чейин эки жолу күмүш алып калгам. Мунусунда чемпиондукту алдым»

«Бул оюндарга көп даярдандык. Агайларыма терең ыраазычылыгымды билдиргим келет» деди маалымат жыйында Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков. 

«Буга чейин эки жолу финалга чыгып, экинчи болуп калгам. Мунусунда чемпиондукту алдым»,- деди ал.

Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков спорттук карьерасында биринчи жолу күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын тагынган. Анын финалдык беттештеги атаандашы ирандык спортчу болду. Аны 4:0 эсебинде жеңип алган