Жоламан Шаршенбеков: «Бул медаль биздин жалпы жеңишибиз»

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Жоламан Шаршенбеков соцтармактагы баракчасына пост жазды.

«Париждеги Олимпиадада мага көрсөткөн колдооңуздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Мага болгон ишенимиңиздердин жана колдооңуздардын жардамы менен коло медалга ээ болдум. Бул жетишкендик мага гана эмес, менин сапарымдын ар бир этабында колдоп, жанымда жүргөндөргө таандык. Агайларга, дарыгерлерге, массажисттерге, мамлекетке, күрөш федерациясына жана спортчуларды Олимпиадага даярдоого катышкан бардык адамдарга чоң рахмат. Менин ийгилигиме кошкон колдооңуздар жана салымыңыздар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Бул медаль биздин жалпы жеңишибиз , мен аны ар бир сүйүктүү мекенимдин жаранына арнайм», — деп жазды ал.