Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү

GR 60kg Mirambek AINAGULOV (KAZ)

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Ослодо кыргызстандык 60 килограммдык салмакта күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүшкө ээ болуп, 2-орунду ээледи. Бул жыйынтык Кыргыз спортчусуна 40 упай топтоого жана дүйнөлүк рейтингде 13-орундан 3-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.