Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде жеңди.

Финалга жолдомо уткан балбан эртең, 9-октябрда чечүүчү беттеште молдовалык Виктор Чебану менен кез келет. Шаршенбеков андан Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында утулуп калган эле.