Жоламан Шаршенбеков: «Мен жеңишке жетем деп ишенгем»

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болду. 60 килограммга чейинки салмак ченинде ал финалда Болгариянын балбанын мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медаль тагынды.

«Мен жеңишке жетериме ишенгем. Жеке машыктыруучум Хаким Махмудовго рахмат. Мени кичинемден ушул даражага жеткирди. Баарына чыдаган ата-энеме рахмат. Машыктыруучулар Азат Эркимбаевге, Улукбек Карачолоковго, Арсен Эралиевге, ошондой эле чогуу машыккан балдарга рахмат», — деди Жоламан Шаршенбеков финалда жеңишке жеткенден кийин.