Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мамлекет тарабынан канча акча алышат?

7-августка караган түнү Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык эки спортчу — Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова медаль жеңишти.

Жоламан Шаршенбеков коло медалы үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сом, ал эми Мээрим Жуманазарова күмүш медалы үчүн 7 миллион сом сый акы алышат.

Эгер спортчу алтын медаль жеңсе, ага 10 миллион сом берилет.