Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан баштады. Биринчи атаандашы боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалда грузиялык балбанды 9:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалда өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде артта калтырды. Жарым финалдык беттеште ирандык балбанды жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште япониянын спортчусу менен күч сынашат.

Беттештер эртең Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун эки жолку күмүш медалынын ээси.