Жоламан Шаршенбеков: «Олимпиадада тамактан эч кандай маселе болгон жок»

Париж Олимпиадасында коло медаль жеңген балбан Жоламан Шаршенбеков интернетте тараган видео боюнча комментарий берди.

«Туура эмес видеолор да тарап кетти. Кыргызстанда Азия чемпиондугу өткөн. Анда ар бир спортчу өзүнө жаккан тамактарын алып, беттешке чейин чечинип-кийинүүчү жерге алып келип, жегенбиз. Ошол видеону Олимпиадада тартылган деп киргизип жатышат. Бул жаңылыштык. Ал жерде тамактан эч кандай маселе болгон жок. Дарыгерлерибиз тооктон шорпо жасап берип, бөпөлөп багып жатышты. Аны айтпасак болбойт», — деди ал .

Буга чейин соцтармактарда «Кыргыз балбандары Олимпиадада жупуну тамак жеп отурашат» деген видео тараган. Маданият министринин орун басары Марат Тагаев видео жарыялап, ал видеонун Бишкекте тартылганын билдирген.