Жоламан Шаршенбеков UWW’дан 5 миң доллар алат

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан акчалай сыйлык алат.

UWW жылдын аягында алдыңкы үчилтикке кирген спортчуларга бонустарды төлөйт. Шаршенбеков 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун, Азия чемпиондугун жана Ислам оюндарында жеңишке жеткен. Турлыханов кубогунун рейтингдик турниринде да коло байгеге ээ болгон. Бул жыйынтык менен ал 55 миң упай топтоп, 60 килограмм салмакка чейинки UWW рейтингинде 1-орунду ээледи. Шаршенбеков UWW тарабынан 5 миң доллар өлчөмүндө сыйлык алат.