Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тою башталуу алдында турат (видео)

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте балбан Жоламан Шаршенбеков менен жубайы Айхандын үлпөт тою өтөт.

Учурда коноктор ресторанга чогулуп жатышат.

23-сентябрда Айхандын кыз узатуусу Талас жергесинде өтүп, Жоламан Шаршенбеков бойдокчулук менен коштошкон.

Тойдон репортаж бир нече сааттан кийин SUPER TV каналынын Ютуб каналына чыгат. Андыктан акмалап туруңуздар.