Жоламандын атаандашына эмне болду? Кулап калган балбандын видеосу

Социалдык тармактын колдонуучулары Жоламан Шаршенбеков менен тажикстандык балбандын беттешинде тартылган видео менен бөлүшүп жатышат. Анда кыргызстандыктын каршылашы кулап калганын, ал эми Шаршенбековдун ийин куушуруп, эч нерсе түшүнбөй калганын көрүүгө болот. Азырынча балбандын эмнеге кулап калганы тууралуу маалымат чыга элек.

Балбан Жоламан Шаршенбековдун Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болгон. Азизов биринчи бөлүктө 5:0 эсебинде жеңишке жетишсе, экинчи таймда Шаршенбеков катары менен 8 упайга ээ болуп, жеңишти тартып алган