«Оюндун жыйынтыгы капаландырат. Албетте, бүгүнкү беттеште командабыз көп нерсеге жөндөмдүү экенин далилдеп, көрсөткүбүз келген». Бул тууралуу Штефан Таркович оюн тууралуу өз оюн билдирди.
«Менин оюмча, оюн эки тараптан тең жакшы өттү, айрыкча экинчи бөлүктө биздин футболчулар атаандаштын дарбазасында көптөгөн кооптуу учурларды жаратууга жетишти, бирок кайра эле аракеттер майнапсыз болду. Кемчиликтердин үстүнөн иштейбиз. Командабыз өзүнчө оюн мүнөзүнө ээ болгондугу кубандырат. Эки курама тең беттеште күчтүү жактарын көргөздү, бирок ийгилик бүгүн атаандаш тарапта болду», — деди ал.
Кечээ, 20-июнда Оман менен болгон беттеште Кыргыз Республикасынын улуттук курамасы утулуп калып, CAFA Nations Cup мелдешинде төртүнчү орунду ээледи.