Жылдыздар баш болуп… Катардагы Азия Кубогуна 150 күйөрман барды (видео)

Бүгүн, 16-январь күнү Дохада (Катарда) өтүп жаткан Азия Кубогунда Кыргыз Улуттук курамасы Кыргызстандын убактысы боюнча саат 20:30да Таиланд менен беттешмекчи.

Аталган беттешке күйөрмандык кылып, колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандан 150гө чукул күйөрмандар барышты. Алардын арасында ырчы Омар, шоумен Актан Рыскелдиев, Манас Алыкулов жана башкалар бар.

«Мекендештерибизди колдоп 150 чакты күйөрман келдик. Кудай буюрса, бүгүн жеңиш бизде болот» деп ырчы Омар Катардан билдирүү жөнөттү.