Жүрөк элжиретет! Марокколук футболчу жеңишин апасы менен майрамдады

Марокко курама командасынын жарым коргоочусу Софиан Буфаль Дүйнөлүк чемпионаттын чейрек финалындагы Португалияга каршы беттеште ойноп, командасынын жеңишин ал ышкырыктан кийин апасы менен бийлеп белгиледи. Бул учурдан тартылган видео жана сүрөттөр соцтармактарда тарап, алардын кубанычын бөлүшкөн билдирүүлөр жазылып жатат.

Марокко курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалына чыккан тарыхтагы биринчи африкалык команда болду.