Камчыбек Ташиев Hardcore FC чемпиону Самат Абдырахмановду кабыл алып, тебетей, камчы белек кылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Hardcore Fighting Championship муштум боюнча дүйнөнүн эң ири лигасынын чемпиону Самат Абдырахманов жана анын атасы Маматраим Абдырахманов менен жолукту. Ташиев Самат Абдырахмановду финалдык беттеште Лендруш Акопянды жеңиши, Hardcore FC чемпиондук курун утушу менен куттуктап, мындай жеңиштер бүткүл Кыргызстандын эли үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Самат Абдырахманов Ташиевге жана жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал кайсы жерде болбосун, ага күч-кубат, жеңишке болгон ишенимди тартуулаган жердештеринин жылуу колдоосун дайыма сезип турарын белгиледи.

Самат “Кыргыз” Абдырахманов Орусиянын Hardcore Fighting Championship мелдешинин финалында армениялык Лендруш Акопянды утуп, экинчи сезондун жеңүүчүсү болгон.