Камчыбек Ташиев жаш футболчуларды Азия Кубогунун финалына чыгышы менен куттуктады

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын эртең мененки тамактануусуна катышып, команданы, машыктыруучулук жана административдик штабдын мүчөлөрүн 2025-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышы менен куттуктады.

Ошондой эле курама команданы биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБнын Башкы катчысы Медербек Сыдыков, Улуттук кураманын Башкы машыктыруучусу Максим Лисицын куттукташты.

Өз кезегинде команданын Башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов жана жаштар курама командасынын вице-капитаны Атай Эшенкулов КФБнын жетекчилигине командага көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.