Ташиевдин уулу, “Барселона» клубунун жаштар командасынын оюнчусу Эмир Хан Кыдыршаев Кыргызстанга келди (сүрөт)

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу, “Барселона» клубунун жаштар командасынын оюнчусу Эмир Хан Кыдыршаев Кыргызстанга келди.

17 жаштагы кыргызстандык футболист Эмир Хан Кыдыршаев туулган жерине каникулга келди. Бирок машыгуусун токтотпостон, өз алдынча машыгууда. Бүгүн өтүүчү Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттешине көрүүчү катары катышат.

Эмир Хан Кыдыршаев «Барселона» клубу менен келишим түзүп, жаштар командасынын курамына кабыл алынган.