Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Словакиянын футбол клубу менен келишим түздү

Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев Европадагы футбол клуб менен профессионалдык контракт түзгөн биринчи кыргыз футболчусу болду. Бул тууралуу Нургазы Анаркулов жазды.

«Словакиянын жогорку лигасында оюн көрсөткөн “Тренчин” футбол клубу Эмир-Хан Кыдыршаев менен келишим түзгөнүн расмий жарыя кылды. Эмир-Хандын мындай жетишкендигинин артында чоң эмгек жатат, себеби жаштар курама командабыздын коргоочусу өзүнүн футболдук талантын өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз машыгып келди», — деп жазды ал.

Футболчунун басып өткөн жолуна көз чаптырып көрөлү:

— 2016 — «Дордой» футбол клубу

— 2018 — А.Момунов атындагы футбол академиясы (Ош)

— 2019 — Италия, Перуджа шаарындагы атактуу футболчу Паоло Россинин футбол академиясы

— 2021 — Испания, Валенсия шаарындагы «Леванте» футбол академиясы

— 2023 — Испания, Барселона футбол академиясы

— 2024 — Испания, Барселона, «Сан Кугат» футбол академиясы.

Эмир-Хан азыр 19 жашта.