Каратэ боюнча курама команда Азия оюндарынан учуп келди

Кыргыз Республикасынын каратэ боюнча улуттук курама команда Азия оюндарынан кайтып келди.

Спортчуларды «Манас» аэрпортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов, Каратэ федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алды.

Белгилей кетсек, 84 килограммга чейинки салмакта Адилет Шадыканов күмүш медаль тагынса, 75 килограммга чейинки салмакта Назым Нурланов коло медалга ээ болгон.