Казак балбаны Демеу Жадраев: «Акжол менин «родноюм»

Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген казакстандык балбан Демеу Жадраев берген маегинде кыргызстандык балбан, Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Акжол Махмудов тууралуу кеп кылды.

Ал беттеште Махмудов үчүн да жоопкерчилиги бар болгонун, ал үчүн санааркаганын айткан. Эгер ал финалга чыкпай калса, Махмудов да коло үчүн күрөшө албай кала турганын ойлогонун, ошондуктан Махмудов да медаль үчүн күрөшсүн деген жоопкерчилик болгонун билдирген. Бактыга жараша финалга өтүп, Махмудов да үчүнчү орун үчүн күрөшүү мүмкүндүк алганына кубанганын белгилеген.