Казакстанда өткөн эл аралык турнирде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 7 медаль утту

12-14-ноябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында 2005-2007-жылкы жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Турнир Олимпиада чемпиону жана Дүйнө чемпиону Жаксылык Ушкемпировтун жаркын элесине арналып, уюштурулган. Аталган турнирде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 7 медаль утту. 

Алар:

1-орун Асан Жанышов;

1-орун Рустам Садыков;

2-орун Бердибек Боогочиев;

2-орун Бахрам Курбанов;

3-орун Жантөрө Мирзалиев;

3-орун Эмирлан Дүйшөналиев;

3-орун Сыргабай уулу Нурболот.