Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

Бүгүн, 13-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды.
Жабылыш аземинде Алтынбек Максутов Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары маанилүү окуялардын бири болуп калганын, бул улуттардын, ар кайсы конфессиялардын биримдигин бекемдеген ири иш-чарага айланганын белгиледи. Спорттук, маданий иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөнүн айтып, казак элинин меймандостугун баалап, уюштуруучуларга, спортчуларга ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын алкагында Көчмөндөрдүн кийинки оюндарын өткөрүү эстафетасы кайрадан Кыргызстанга берилди. Казакстандын туризм жана спорт министри Ербол Мырзабосынов көөкөрдөгү мөңгү суусун Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовго тапшырды.
Бул жолку оюндар Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтүп, ага 89 өлкөдөн келген 2500дөн ашык спортчу спорттун 21 түрүнөн күч сынашты. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 183 спортчу 18 спорттун түрүнөн катышып, жалпы командалык эсепте 59 медаль (18 алтын, 18 күмүш жана 23 коло) менен 2-орунду ээледи.
Маалымат иретинде:
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бул Кыргызстандын ири долбоору. Ал 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өтүп, 2020 жана 2021-жылдары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырып, 2022-жылы Түркия мамлекетинде өткөн. Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин байыркы көчмөн элдердин оюндары түзөт. 2021-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.