Казакстандагы мелдеште 10 кыргыз балбаны медаль тагынды

Казакстандагы күрөш боюнча “Bolat Turlykhanov Cup” эл аралык рейтингдик мелдеште кыргызстандык балбандар жалпы 10 медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Аталган мелдеште кыргыз балбандары төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медаль менен кайтышты:

1. Эрназар Акматалиев (70 килограмм) – алтын медаль;
2. Акжол Махмудов (82 килограмм) – алтын медаль;
3. Бекболот Мырзаназар уулу (61 килограмм) – алтын медаль;
4. Айпери Медет кызы (76 килограмм) – алтын медаль;
5. Саякбай Усупов (79 килограмм) – күмүш медаль;
6. Алибек Осмонов (70 килограмм) – коло медаль;
7. Жоламан Шаршенбеков (63 килограмм) – коло медаль;
8. Атабек Азисбеков (87 килограмм) – коло медаль;
9. Ильяс Ренат уулу (77 килограмм) – коло медаль;
10. Калидин Асыкеев (82 килограмм) – коло медаль.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өткөн. Анда спортчулар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча килем үстүнө чыгышкан.