Казакстандагы турнирде Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде эки медаль утуп алышты. 2-июнда Алматыда 2022-жылдын экинчи рейтингдик турнири башталды. Биринчи мелдеш күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 7 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстандан 9 спортчу килемге чыкты.

Турнирдин коло байге ээлери Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков болду. Амантур Исмаилов менен Бексултан Махмудов коло үчүн күрөштө жеңилип, 5-орунга ээ болушту. Куттубек Абдыкерим уулу, Дастан Кадыров, Калы Сулайманов, Халмурат Ибрагимов жана Мелис Айтпеков медаль ала алышкан жок.