14-15-декабрь күндөрү борбор калаада жайгашкан Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде «Мурас» достук мелдеши өттү.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
Оюнда «Жогорку Кеңеш» командасы менен «Өнөр» командасы кез келгенде депутат Марлен Маматалиевдин каршылаш командадагы оюнчуну түртүп салганы тартылган видео тарап, талкуу жаратты.
Депутат социалдык тармактагы баракчасына түшүндүрмө берип, «Эмоция ар бир спорттун түрүндө болот, бирок ага чейин эмне болгонун эч ким билбейт. Анын үстүнө ошондо эле кечиришип, чечишип алганбыз» деп жазды.