«Келечегим үчүн күрөшүп жатам». Жоламан Шаршенбековдун маеги жарыяланды

“Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык федерациясы Жоламан Шаршенбековдун маегин жарыялады.

«Каалоом күчтүү болчу. Агайлар, команда менен иштеп Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуп отурабыз. Мен азыр өзүмдүн келечегим үчүн күрөшүп жатам. Максатым — Олимпиаданы жеңүү. Максатыма жетмейинче аракет кыла берем», — деди ал.