Киев: Жоламан Шаршенбеков финалда атаандашынан жеңилип калды

Бүгүн, 28-февралда Украинанын борбору Киев шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште Жоламан Шаршенбеков атаандашынан жеңилип калды.

Ал 60 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Финалда ага каршы ирандык Али Реза Нежати беттешке чыккан эле. Муну менен кыргызстандык балбан күмүш медалга ээ болуп калды. Учурда турнирдин финалы уланып жатат.