Киев: Күрөш боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары алтын медаль тагынышты. Алар кимдер?

Киев шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргыз балбандары Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгенин ээси болушту.

Мелдештин сайтындагы маалыматка таянсак, аталган балбандардан сырткары кыргызстандык спортчулар Назира Марсбек кызы менен Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыды.

Жуманазарова кечээ, 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1).

Грек-рим күрөшү боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыккан Үзүр Жусупбеков финалда күрөшпөй жеңишке жетти. Ал 1/8 финалдык баскычтан баштап, катары менен үч жеңишке жетип, финалга чыккан. Финалдык беттеште анын атаандашы грузиялык Гиорги Мелия болмок. Грузиянын өкүлү килемге чыгып, бирок күрөшүүдөн баш тарткандыктан кыргыз балбаны жеңүүчү деп жарыяланды.

Бүгүн, 28-февралда турнирдин экинчи күндүк беттештеринин финалы уланат.