КМШ оюндары: Грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 6 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча команда Минск шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 6 медаль (1 күмүш, 5 коло) жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

55 килограмга чейинки салмак категориясында Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.

Коло медалдын ээлери:

— 60 килограмм Нурмухаммед Абдуллаев;

— 63 килограмм Баяман Каримов;

— 67 килограмм Самат Аманат уулу;

— 77 килограмм Ырысбек Максатбек уулу;

— 72 килограмм Адилхан Нурланбеков.