Кыргыз Республикасынын кичи футбол боюнча жаштар курама командасы Минск шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Курам алгач оюн талаасында Орусиянын командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилген. Экинчи беттешинде Азербайжандын командасы менен ойноп, 5:2 эсебинде уткан. Үчүнчү беттешинде Беларусь командасы 1:1 эсебинде тең чыккан. Төртүнчү беттешинде Өзбекстандын командасы 7:2 эсебинде жеңди.
Жыйынтыгында курама команда экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду Орусия жана үчүнчү орунду Өзбекстандын курама командасы ээледи. Мелдешке 5 мамлекеттин курама командалары катышкан.