Кыргыз Республикасынын кичи футбол боюнча курама командасы Минск шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында Азербайжандын командасын 5:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Курама команданын кийинки беттеши Беларустун командасы менен болот. Мелдеш бүгүн, 9-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 22:30да башталат.
Кичи футбол боюнча жалпы 5 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Беларусь) курама командалары катышып жатат. Мелдеш 8-август күнү башталган, 13-августта жыйынтыкталат.