Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан жер улак боюнча финалга чыкты

Кыргызстандын жер улак (көк пар) командасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыкты.

Жарым финалда кыргыз улакчылары Түркиянын курама командасын 15:1 эсебинде утту.

Эртең Казакстан менен Орусиянын  курама командаларынын беттеши болот, жеңген команда менен кыргызстандык улакчылар 12-сентябрда ойнойт.