Кожо Жоэль Кыргыз Республикасынын атынан ойноого ФИФАдан укук алды

Кыргыз футбол союзу Эл аралык футбол федерациясынан (ФИФА) футболчу Кожо Жоэлдин Кыргыз Республикасынын башкы футбол командасынын курамында ойноого уруксат алуу боюнча иштерин жүргүздү. ФИФА оюнчунун КФС жиберген документтерин изилдеп, ошондой эле ФИФАнын Уставынын жоболоруна негизденип, Кожо Жоэлдин Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасында ойноого укугу бар экендиги тууралуу расмий кат жүзүндө тастыктама берди.

Жергиликтүү чемпионатта «Дордой» жана «Алай» клубдарында ойногон кезде Кожо Жоэль 2021-жылы Кыргыз Республикасынын чемпиону жана 2020-жылы өлкө Кубогунун, ошондой эле 2018, 2021 жана 2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун ээси болгон. Оюнчу биринчи жолу ушул жылдын май айында CAFA Nations Cup эл аралык мелдешке даярдык көрүү алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын окуу машыгуу жыйынына чакырылган. 24 жаштагы, түбү ганалык оюнчу учурдагы сезонду Өзбекстан Про-лигасында ойногон «Динамо Самарканд» клубунун курамында өткөрүүдө.