Көк бөрү боюнча Жогорку лиганын оюндары башталды

Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда «Нооруз» турниринин алкагында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын алгачкы оюндары болду. Анда Чүй облусунун “Сары-Өзөн” командасы менен Баткендин “Жаш күч” командасы кез келди. Жыйынтыгында чүйлүк команда 11:6 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми экинчи тайпанын алгачкы беттешинде Оштун “Достук” командасы “Ала-Тоо” менен күч сынашты. Бул оюнда өлкөнүн мыкты көк бөрүчүсү Манас Ниязов ойногон «Ала-Тоо» командасы «Достукка» 2:7 эсеби менен жеңилип калды. Жогорку Лиганын оюндары эртең дагы уланмакчы. Анда баткендик «Жаш-Күч» менен Таластын «Ынтымак» командасы ойнойт. Экинчи оюнда «Ала-Тоо» Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, Жогорку Лиганын оюндарына 6 команда катышууда. Анда камондалар чүчү кулактын жыйынтыгы менен 2 топко бөлүнгөн:

А группасы:
Ынтымак;
Сары-Өзөн;
Жаш-Күч.

В группасы:
Достук;
Мурас;
Ала-Тоо.