Улакчы Манас Ниязов казакстандык оюнчудан кечирим сурады

Көк-бөрү боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов казак улакчысы Абугали Абдыжапаровдон кечирим сурады. Социалдык тармактарда алардын элдешкен видеосу тарады. Элдешүү оюндун алкагында Шымкент шаарында өткөн. Видеого караганда, Ниязов ал жакка агасы Байыш Ниязов менен барган.

«Биринчиден, эки элдин башын бириктирүү үчүн иш-чарага чакырганыңарга рахмат. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарында биз жеңишке жеттик, бирок мен үчүн кокустук орун алганы өкүнүчтүү болду, эч ким атайылап жасаган жок. Эгер биз тараптан ката кетсе, мени кечир, байке. Бизде дагы жакшы оюндар болот. Сиз бизге келиңиз, көк бөрү оюнун өнүктүрөлү», — деди ал.

Андан кийин ал Абдыжапаровго калпак жана чепкен жапты. Өз кезегинде Абугали Абдыжапаров 2016-жылы Казакстандын элинин желегин көтөрүп мелдешке барганын айтып, Манас Ниязовду кечиргенин билдирди.

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасы Кыргызстандын курамасынан 15:3 эсеби менен жеңилип калган. Оюндун жүрүшүндө Манас Ниязов 7-номурдагы атаандашы Абугали Абдыжапаровду ат үстүнөн жыгып алган.