Көк бөрү боюнча «Нооруз-2021» турниринин жеңүүчүлөрү кандай байгеге ээ болушту? (тизме)

Бүгүн, 21-март күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Нооруз майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери өттү.

Финалда Биринчи лиганын «Жети-Өгүз» (Ысык-Көл облусу) жана «Кара-Буура» (Талас облусу) командалары жолугушуп, 2:1 эсеп менен экинчи команда жеңишке жетти жана Жогорку лигага өттү.

Жогорку лигада «Ынтымак» командасы (Талас облусу) «Достук» командасын (Ош облусу) 6:5 буллит эсеби менен (негизги эсеп 4:4) артка калтырып, жеңүүчү аталды.

Сыйлоо аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Канат Шабданбаев жана Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов катышты.

Бул жылы көк бөрү боюнча мелдеш Болотбек Шерниязовдун, Болот Шамшиевдин жана Темир Дүйшөкеевдин элесине арналды.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:

Жогорку лига:

1-орун – «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге – 500 000 сом;
2-орун – «Достук» командасы, Ош облусу, байге – 200 000 сом;
3-орун – «Сары-Өзөн» командасы, Чүй облусу, байге – 100 000 сом;
4-орун – «Ала-Тоо» командасы, Ош шаары, байге – 70 000 сом;
5-орун – «Жаш Күч» командасы, Баткен облусу, байге – 50 000 сом;
6-орун – «Мурас» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 30 000 сом.

Биринчи лига:
1-орун – «Кара-Буура» командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом;
2-орун – «Жети-Өгүз» командасы, Ысык-Көл облусу, байге – 50 000 сом;
3-орун – «Бакубат Талас» командасы, Талас облусу, байге – 30 000 сом;
4-орун – «Сокулук» командасы, Чүй облусу, байге – 20 000 сом.

Мыкты оюнчу болуп Жогорку лиганын «Ынтымак» командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу жана Биринчи лиганын «Кара-Буура» командасынын оюнчусу Ариет Толонов таанылышты жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ошондой эле, Чемпион атына («Жети-Өгүз» командасы, Биринчи лига) жана Шахмат атына («Достук» командасы, Жогорку лига) мыкты наамы ыйгарылды. Аларга да акчалай сыйлык тапшырылды.