Көк бөрү боюнча райондор аралык чемпионат башталды

Кечээ, 17-февраль күнү «Ак-Кула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча райондор аралык Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды. Мелдешке ар бир облустан бир район катышууда.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. 17-февраль күнү башталган чемпионат, 22-февралда жыйынтыкталат.

Командалар төрт тайпага бөлүндү:
«А» тайпасы: Четинди (Бишкек), Талас району (Талас облусу), Ак-Суу району (Ысык-Көл облусу);
«B» тайпасы: Ош шаары, Ак-Талаа району (Нарын облусу), Сокулук району (Чүй облусу);
«C» тайпасы: Сузак району (Жалал-Абад облусу), Лейлек району (Баткен облусу), Кара-Кулжа району (Ош облусу).
Көк бөрү оюну боюнча райондор аралык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.