Нооруз турнири: «Достук» «Ынтымакты» жеңди

Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Кечээ, 17-мартта «Достук» командасы «Ынтымак» менен беттешип, жеңди.

«Достукту» «Ынтымаксыз» — «Ынтымакты» «Достуксуз» элестете албаган көк бөрү оюну. Бул спортто —  бирде жеңилүү, бирде жеңиш болот экен. Кудайдын буйругу менен «Достукка» жеңиш насип этти. Эми алдыда чечүүчү оюндар орун алат. 19-март күнү Достук — Мурас жана Ынтымак — Сары-Өзөн командалары күч сынашат. Жеңгендер финалга, жеңилгендер жарым финалда беттешет. Ошондуктан, «Ынтымак» менен «Достук» кайрадан беттешип калуусу толук мүмкүн», — деп жазды «Достук» командасы.