Көк бөрү: Дүйнө кубогун «Ынтымак» жеңди

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун жогорку лигасынын финалында Кыргызстандын «Ынтымак» жана Казакстандын «Астана» тайпалары беттешип, ал «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады.

3-орун үчүн болгон беттеште Казакстандын «Түркстан» командасы менен Кыргызстандын «Достук» командасы беттешип, оюн «Достук» командасынын пайдасына 11:3 менен жыйынтыкталган. Ал эми 2-орунду «Астана» алды.

13-августта Булан-Соготту айылындагы ат майданында көк бөрү боюнча клубдар аралык биринчи дүйнө кубогун ачылышы болгон. Дүйнө кубогу быйыл алгачкы жолу Кыргызстандын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат. Мелдеш мамлекеттер арасында достукту бекемдөө, көк бөрү оюнун жайылтуу максатында уюштурулган.