Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Талас Бегалиев дайындалды

Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Талас Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу аталган федерациянын соцтармактагы баракчасында жарыяланды.

Талас Бегалиев буга чейин аталган федерациянын вице-президенттигин аркалап келген. Соңку үч жыл бою көк бөрү федерациясынын президенти болуп келген Искендер Кадыркулов өз каалоосу менен тапшырып берип, Талас Бегалиевди федерациянын президенттигине көрсөттү.