Көк бөрү: Нооруз турниринин жыйынтыгы

Бүгүн, 21-мартта республикалык Нооруз турниринин алкагында Жогорку жана Биринчи лиганын финалдык оюндары болуп өттү.

Жогорку лиганын финалдык оюндарында “Ынтымак” менен “Достук” командалары кездешип, жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Ынтымак” командасы жеңишти камсыздай алды. 3-орун үчүн “Сары-Өзөн” – “Мурас” командалары беттешип, оюн 8:1 эсеби менен жыйынтыкталып, “Сары-Өзөн” командасы 3-орунду ээледи.

Биринчи лиганын финалдык оюндарында “Намыс” жана “Кара-Кулжа” командалары кездешип, 3:0 эсебинде “Намыс” командасы жеңишке жетти. Ошону менен Жогорку лигага чыкты. Ал эми 3-орун үчүн “Алтын-Альянс” жана “Улар” командалары беттешти. Негизги оюнда эсеп саны 2:2 менен аяктап, кошумча 10 мүнөт берилди. Алтын голду “Алтын-Альянстын” оюнчусу Темирлан Шаршенбек уулу жаратып, “Алтын-Альянс” 3-орунду камсыздады.

20-мартта болсо Экинчи лиганын финалдык оюндары өтүп, биринчи орун үчүн “Ак-Илбирс” менен “Талас” командасы кез келди. Оюн 7:6 эсебинде “Ак-Илбирс” командасынын пайдасына жыйынтыкталып, Биринчи лигага сапар алды. 3-орун үчүн “Кара-Шоро” жана “Манас-1” командалары кездешти. 3-1 эсебинде “Манас-1” жеңишке жетишип, 3-орунду камсыздады.