Көк бөрү: Президенттин кубогу үчүн ат салышкан финалисттер аныкталды

28-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата Көк бөрү боюнча “Президенттин кубогу” турниринин группалык оюндары аяктады. Бул оюндардын жыйынтыгы боюнча мелдештердин финалисттери аныкталды.
31-август күнү финалдык оюндарда 1-лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы менен Бишкектин “Көк-Жал”, ал эми жогорку лигада “Сары-Өзөн Чүй” менен Таластын “Ынтымак” командасы беттешет. Ал эми эл аралык турнирдин чечүүчү оюнунда Өзбекстан курама командасы “Жети-Өгүз” менен ойнойт.

Бүгүн, 30-августта 3-4-орун үчүн беттештер болот. Биринчи лигада ойногон Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары, жогорку лигада Ош облусунун “Достук” командасы менен Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары ойнойт.

Биринчи лига:
½ финал. «Мурас» – «Соң-Көл» – 8:1
½ финал. «Ат-Башы» – «Көк-Жал» – 3:7
Эл аралык турнир:
«Жети-Өгүз» – «Бакубат-Талас» – 6:1
Жогорку лига
«Достук» – «Сары-Өзөн» – 1:4
«Ынтымак» – «Жаш Күч» – («Жаш Күч» ойногон жок)