Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда беттеш өттү.
Биринчи бөлүктө эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда болду. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып беди. Экинчи бөлүк эсеп 4:0 эсеп сандар менен аяктап, «Ынтымак» алдыга чыкты. 2-таймда 2 жолу улакты Өмүрбек Эсен уулу казанга салды.
Ал эми чечүүчү 3-беттеште Нуржан Мелисбек уулу командасына дагы бир упай алып келди. Оюн 5:0 эсебинде «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады.