Көк бөрүдө жаракат алган улакчы Адилет Жамаевдин абалы жакшы

Көк бөрү боюнча биринчи лиганын финалында жаракат алган улакчы Адилет Жамаевдин абалы жакшы. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

“Улакчыга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда өзүн жакшы сезип жатат. Жараты оор эмес экен”, — деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Көк бөрү боюнча “Нооруз-2021” кубогунда биринчи лиганын финалдык беттешинде аты аталган улакчы жаракат алып, Тез жардам унаасы оюн талаасынан алып кеткен эле. Адилет Жамаев “Кара-Буура” командасынын оюнчусу.