Улакчы Өмүрбек Эсен уулу Месси атыкты. «Эл берип жатса, макулмун» дейт ал

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда беттеш өттү.

Биринчи бөлүктө эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда болду. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып беди. Экинчи бөлүк эсеп 4:0 эсеп сандар менен аяктап, «Ынтымак» алдыга чыкты. 2-таймда 2 жолу улакты Өмүрбек Эсен уулу казанга салды.

Ал эми чечүүчү 3-беттеште Нуржан Мелисбек уулу командасына дагы бир упай алып келди. Оюн 5:0 эсебинде «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады.

Оюнда «Месси» деген каймана атка ээ болгон Өмүрбек Эсен уулу оюндан кийинки сезимдери менен бөлүштү. «Кудайдын буйругу менен утуп алдык. Кулап, колумду ат басып кетти. Эми мени Месси деп жатса макулмун. Мен Манас районунун Май айылынан болом. 2001-жылы туулгам. Сүйлөшкөн кызым жок», — деди ал.