«Көрсөтмө оюнга айланып калганы бул кандай?». Көк бөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарына баруунун зарылдыгына шектенип жатышат

«Көк бөрүнүн көрсөтмө оюнга айланып калганы бул кандай?». Улакчылар Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарына баруунун зарылдыгына шектенип жатышат.

Инстаграмдагы көк бөрү сүйүүчүлөрдүн баракчасында билдирүү жарыяланып, анда бир топ нааразычылык камтылган. Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында эр эңиш, кыргыз күрөш алынып калып, ал эми көк бөрү көрсөтмө оюнга айланганы жазылат.

Кечээ, 21-сентябрда Айбек Ажыгуловдун Улуттук оюндар дирекциясынын башчылыгынан кетүүгө арыз жазганы да маалымдалды.