«Колдоого чакырабыз». «Ала-Тоо» аянтында Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттеши чоң экранда көрсөтүлөт

4 -августта Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюнунда финалдык беттешке чыгат. Финалдык күрөш Айсулуу Тыныбекова менен япониялык спортчу Юкако Кавайдын ортосунда өтөт.

Борбор шаардын тургундары жана коноктору Олимпиада оюндарында биздин спортчуларды колдоосу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы «Ала-Тоо» борбордук аянтында LED-экранын орноткон.

«Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Сиздерди Айсулуу Тыныбекованы чогуу колдоого чакырабыз. Баарыңыздарды саат 15:00дө «Ала-Тоо» аянтында күтөбүз. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактаңыздар, бет кап тагынып, аралыкты сактап, колуңуздарды антисептик менен тазалаңыздар. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр»,- деп айтылат маалыматта.