Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль жеңди. Ал беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, Литвадан келген спортчуну жеңип, кийинки раундда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калды. Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, Жузупбековго 3-орун үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Жузупбеков АКШдан келген Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп алган. Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык египеттик Мохамед Габр менен кез келип, аны жеңип алды.
Жузупбеков беттештен кийин журналисттерге жеңиши тууралуу маалымат берди.
— Килемде эмоциялар бир аз чыкты. Бул жерге баары чемпион болуш үчүн келишет. Баары эле финалга чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү каалайт. Кечээ мен ирандыкка утулуп калдым, болору болду. Машыктыруучулар менен кийинки оюндарга кандай даярданабыз аны сүйлөшөбүз. Эмнегедир көп ката кетирем, тактикалык жактан көптөгөн атаандаштарга утулуп калам. Биз муну оңдошубуз керек. Кийинки Олимпиадада чемпион болом.
— Кечээги беттештен кийин бүгүнкү беттешке чейин күн кандай өттү?
— Кечээ мушташ алдында эмнегедир өзүмдү бир аз начар сездим. Эмнеге экенин билбейм. Балким мен туура эмес тамак жедимби же жергиликтүү тамак туура келбей калдыбы алсырадым. Бүгүн эртең менен америкалык менен болгон күрөштө мен чарчаңкы болдум. Түштөн кийин өзүмдү жакшы сезип калдым. Азыр жакшымын.
— Азыр көпчүлүк күйөрмандар командада диетолог же психолог барбы деп сурап жатышат.
— Диетолог же психолог жок. Биздин тренерлер диетолог жана психолог болуп калышты. Тамактануусун спортчулар өзүлөрү деле көзөмөлдөп турушат. Аларга да каражат керек да. Баарыбыз намаз окугандыктан психологиялык жактан жакшы абалдабыз, себеби баары Кудайдын каалоосу менен болот.